Президент Алмазбек Атамбаевдин Түрк Республикасына расмий сапары башталды.
Түрк президенти Абдуллах Гүл жана премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрү каралган.
Мамлекеттер аралык соода-экономикалык, гуманитардык, маданий жана билим берүү тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат.
Ошондой эле, Кыргызстан мамлекет башчысынын Түркиянын парламентинде чыгып сүйлөшү пландаштырылууда.
Көп жылдардан бери Кыргызстандын студенттери Түркиянын жогорку окуу жайларынан билим алышууда. Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Билкент университетине барып кыргызстандык жаштар менен жолугушат.
Түркиядагы кыргыз журналисти Нурланбек Карыпбай уулунун "Азаттыкка" билдиришинче, Анкара шаарындагы расмий жолугушуулары бүткөндөн кийин Атамбаев Стамбул шаарына сапар алат. Түркиялык жеке ишкерлер менен кезигишет. Сапарынын соңку күнү Стамбулда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуусу күтүлүүдө. (RK)