Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Жүздөй кишини алдаган шылуундар 30 миң евро чогултушкан


Милиция "каржы пирамидасын" түзүп, шылуунчулулук кылган топ бир нече айда жүздөй кишини алдап, 30 миң еврону чет өлкөлөргө чыгарып кеткенин аныктады. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Кылмышка Бишкекте жайгашкан «Авто ПСЛ» компаниясы шектүү делип жатат. Азырынча эч ким кармала элек, тинтүү учурунда компаниянын кеңсесинен 45 миң сом жана компьютерлер алынган. "Кезеги келгенде ири суммадагы акча алып турасыңар" деп шылуундар ар бир кишиден 17 миң сом же 265 евродон чогултканы айтылууда. Бирок ал акча өзүлөрүнүн гана чөнтөгүнө кете берген. (RK)

XS
SM
MD
LG