Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Укук коргоочулар өлкө жетекчилигине кайрылышты


Укук коргоочулар кеңеши президент Алмазбек Атамбаевге жана премьер-министр Өмүрбек Бабановго кайрылышты. Алардын пикиринде, соңку айларда Кыргызстандын бир нече айылында катталган чатактар этностор аралык мамилелерге байланыштуу. Эгер ошол мушташ, чатак, үй-мүлк, унааларды өрттөө фактылары боюнча күнөөлүүлөр жазаланбаса, абал мындан да курчуп, 2010-жылдын июн айындагы кандуу окуялардан да оор жагдай түзүлүшү ыктымал деп эсептешет укук коргоочулар.

Соңку эки айдын ичинде Жалал-Абаддын Ала-Букасында, Баткендин Андарыгында жана Чүйдүн Маевка, Жаңы-Жер айылдарында ар улуттун өкүлдөрү катышкан мектеп окуучуларынын арасындагы мушташ, бири-бирин сабап кетүү сыяктуу окуялар болгон. Күч түзүмдөрү бул жаңжалдар этностор аралык чыңалуу мүнөзүнө ээ эместигин айтып, күнүмдүк боло жүрчү талаштардын бири катары мүнөздөшөт.

2010-жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын ортосунда чыккан кандуу кагылышта 400дөн ашуун адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG