Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Чет жактан унаа ташыгандар өкмөттөн жардам сурашты


Бүгүн Жогорку Кеңештин алдына жүздөй киши митингге чыкты. Алар өкмөткө жана парламентке кайрылып, чет мамлекеттерден ташылып келаткан автоунааны Кытайдан алып келүүгө жардам сурап, бажы төлөмдөрү боюнча маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Митингчилердин айтымында, соңку жарым жылдан бери Кытай аркылуу ташылып келинүүчү унааны чек арадан өткөрүп алуу дээрлик мүмкүн болбой, оорчулуктар чыгууда. Жаңы жылдын башталышы менен бажылык төлөмдөрдүн көлөмү да 1-1,5 эсеге өсүп кетти.

Ушул эле маселени бүгүн парламентте депутат Мирлан Бакиров көтөрдү. Анын айтымында, кыргыз-кытай чек арасында Кыргызстанга өткөрө албай жатышкан эки миңдей унаа токтоп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG