Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Москва: Реанимациядагы кыргызстандыктардын абалы ошо бойдон


Москванын №1, 7, жана 36 шаардык ооруканаларында реанимация бөлүмүндө дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы ошо бойдон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

"Кыргызстандын жарандары жана биздин мекендештер Сарбагышева Назира, Батырбекова Назгүл, Сатыбалдиев Анваржон жана Алисултанова Азизанын абалы жакшыра элек болгондуктан азырынча туугандарына алар менен жолугушууга уруксат бериле элек", - дейт Кулукеева.

Мындан тышкары, Склифосовский атындагы оорукананын күйүк бөлүмүндө Кушиева Бактыгүл жана Андабасов Марат дарыланып жатышат.

Москвада 9-январда Il Pittore италиялык ресторанында тутанган өрттөн кыргызстандык Толгонай Сатыбалдиева аттуу 24 жаштагы кыз каза болгон. Жабыркаган кыргызстандыктар аталган ресторанда иштешчү. Өрт чыккан ресторанга былтыр өрт коопсуздугу боюнча 11 жолу эскертүү берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG