Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

“Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу талабы коюлду


Курамына 30дай коомдук-саясий уюм кирген “Мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюмдун өкүлдөрү 12-январда Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүштү. Алардын өкүлдөрүн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттык топ кабыл алганын парламенттин малымат кызматы кабарлайт.

Жолугушууда митингчилер “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда тезирээк кабыл алып, элдик курултайды мыйзамдаштыруу менен, ага “көзөмөлдөө” ыйгарым укугун берүүнү талап кылышты.

Төрага Асылбек Жээнбеков, депутат Надира Нарматова жана башка депутаттар парламенттен биринчи окуудан өткөн бул мыйзам долбооруна дагы алымча-кошумчаларды киргизүү менен атайын парламенттик угуу өткөрүп, андан соң кабыл алына тургандыгын билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG