Элдик курултайга мамлекеттик бийлик органдарынын ишин көзөмөлдөө укугу берилиши керек. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" "Улуттук Улуу Курултай" уюмунун уюштуруу тобунун мүчөсү Иманбек Асылбеков билдирди.
Айтымында, бүгүн Жогорку Кеңештин алдына 500дөй киши чыгып, курултай тууралуу норманы Баш мыйзамга киргизүү, тиешелүү мыйзамды кабыл алуу талабын коюшту. Ар бир облустан шайланып келген өкүлдөр жылына бир жолу курултайга чогулуп, бийликтин ишине баасын бериши керек дешти.
Курамына 30дай коомдук-саясий уюм кирген “Мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюмдун өкүлдөрүн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттык топ кабыл алганын парламенттин малымат кызматы кабарлайт.
Жолугушууда митингчилер “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда тезирээк кабыл алып, элдик курултайды мыйзамдаштыруу менен, ага “көзөмөлдөө” ыйгарым укугун берүүнү талап кылышты.
Төрага Асылбек Жээнбеков, депутат Надира Нарматова жана башка депутаттар парламенттен биринчи окуудан өткөн бул мыйзам долбооруна дагы алымча-кошумчаларды киргизүү менен атайын парламенттик угуу өткөрүп, андан соң кабыл алына тургандыгын билдиришти. (RK)