Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Жапония Ирандан алган мунайдын көлөмүн азайтат


Жапония АКШнын Тегеранга каршы санкцияларына кошулуп, Ирандан чийки мунай алууну кыскартууну чечти. Өлкө ички керектөөсүнүн 10 проценттейин Ирандан келген мунай менен жабат. Финансы министри Дзүн Азуми импорт бара-бара кыскартылаарын айтты:

- Ядролук технологияларды өнүктүрүү тармагын дүйнөлүк коомчулук көз жаздымында калтыра албайт. Ошондуктан биз АКШнын турумун түшүнөбүз. Ирандан алган чийки мунайдын көлөмүн акырындык менен азайтабыз.

Мындай билдирүүнү Азуми АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнер менен Токиодогу жолугушуудан кийин жасады. Гайтнер ага чейин Кытайга барып кеткен.

Ал тушта Евробримдиктин өкүлдөрү 6 айдын ичинде Ирандан мунай сатып алууга тыюу салууну караган келишим түзүлүп жатканын билдиришти. Батыш Тегеран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп, бир нече санкция киргизген. Иран бийлиги санкцияга жооп катары буга чейин мунай ташылган Ормуз кысыгын жаап салуу тууралуу эскерткен.

XS
SM
MD
LG