Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Путин полициянын ашыкча күч колдонуусун токтотуш керек деп билдирди


Орус өкмөт башчысы Владимир Путин шайлоо кампаниясын баштады. 3-президенттик мөөнөт үчүн ат салышка киришип жаткан премьер шайлоо программасында: “Коомдук коопсуздукту камсыздоо системасын кайра ойлонуп чыгып, чектен чыккан репрессивдүү тенденцияларды токтотууга тийшпиз”, - деп жазган. Программа анын putin2012.ru деген жаңы сайтында жарык көрдү. Путинди мамлекет башчы кезинде да, азыр да катаң чараларды жактагандыгы үчүн көп сындашат. Либералдуу “Яблоко” партиясынын лидери Сергей Митрохин Путин дайыма “коопсуздук күчтөрүн колдонууга көнгөн” деп, анын сөздөрүнө ишенбей турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG