Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Ким Чен Ир мавзолейге коюлат


Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин сөөгү борбор калаадагы күмбөзгө түбөлүккө коюлат. Бул тууралуу өлкөнүн жаңы жетекчилигинин билдирүүсүндө айтылат. Ошол эле мемориалдык комплексте 1994-жылдан бери анын атасы Ким Сен Ирдин сөөгү сакталып турат. Маркумдун туулган күнү – 16-февраль болсо “Жаркыраган жылдыздын күнү” катары белгиленип турмакчы. Пхеньянда Ким Чен Ирге эстелик тургузулат, өлкөнүн булуң-бурчундагы шаарларда болсо анын “түбөлүктүүлүгүн даңазалаган” мунаралар курулуп, сүрөттөрү илинет. Ким Чен Ир мындан бир айдай мурун жүрөгү кармап дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG