Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Чехия Тимошенконун күйөсүнө саясий баш паанек берген эмес


Чех бийликтери Украинанын экс-премьери Юлия Тимошенконун күйөсүнө баш паанек берилишин “эл аралык коргоонун” бир түрү деп атады. Чехиянын ички иштер министри Ян Кубица 6-январда Олександр Тимошенко “саясий баш паанек сураганын” жана анын өтүнүчү канааттандырылганын билдирген. Бирок ички иштер министрлиги Кубицанын сөздөрүн оңдоп, Тимошенкого баш калка эл аралык коргоонун алкагында берилген деген тактоо киргизди. Чехиянын Киевдеги элчилиги тараткан билдирүүдө да Чех жумурияты “саясий баш калка” ыйгарбаганы айтылат.

Украин расмий адамдары Тимошенко саясий активдүү ишмердүүлүк менен алектенбесе да, ага “саясий баш паанектин” берилишин сындашкан. Олександр Тимошенконун Чехияда катталган бизнесте үлүшү бар. Анын жубайы, оппозиция лидери Юлия Тимошенко өкмөт башчы кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып боюнча эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG