Кечээ кечки саат тогуздарда Орусиянын баш калаасындагы «Виаджио» ресторанында белгисиз бирөө оппозициялык саясатчы Додожон Атовуллоевге бычак менен кол салган. Ал оор абалында ооруканага жеткирилди.
Бир нече саат мурдараак оппозиционердин айдоочусу Амонбой "Азаттыкка" сүйлөп жатып: "Догдурлар азыр эле операция жасап бүтүштү. Операция жакшы болду деп жатышат. Ал өзү реанимацияда жатат. Бизди киргизбей турушат. Канга боелгон кийимдерин милиция алып кеткен", - деди.
Москванын укук коргоо органдары азыр Атовуллоевге каршы чабуулду “буюртма болушу мүмкүн” деп жатышат. «Интерфакс» маалымат агенттигинин кабарына караганда, милиция азыр Атовуллоевди ресторанда ким жолугушууга чакырганын аныктады.
Додожон Атовуллоев – “Ватандор” деп аталган тажик кыймылынын лидери, президент Эмомали Рахмонду кескин сындаган саясатчы жана журналист катары белгилүү. Саясий себептерден улам бир нече жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткен.