Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Ооганстанда талиптердин жасатына заара кылган америкалык аскерлердин экөөнүн аты-жөнү белгилүү


Тасмадан сүрөт
Тасмадан сүрөт
АКШнын деңиз аскер башкармалыгынан билдиришкендей, YouTube сайтына жайгаштырылган видео тасма жасалма эмес. Жаңжалдуу ал тасмада 4 америкалык деңиз аскери Ооганстанда өлтүрүлгөн талиптердин жасатына заара ушатып жатканы көрсөтүлгөн.

Тасманы ким тартканы, ким сайтка жайгаштырганы белгисиз. Пентагондун башчысы Леон Панетта тез арада муну иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоонуу буйруду.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон: "Буга катышкан, алдын ала билген же тартылган ким гана болбосун, толук жоопкерчиликке тартылышы керек", - деп билдирди.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай окуяга терең нааразы экенин айтты. Талиптердин расмий өкүлү болсо муну “жапайычылык” деп атап, бирок ал азыр жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасирин тийгизе албайт деди.

XS
SM
MD
LG