Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Оштун чек арасын тактоо сунушталууда


Бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы “Бишкек жана Ош шаарлары тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулайт. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Ош шаарынын территориясы аныкталат.

"Бүгүн ал Кара-Суунун айылдары менен аралашып, анклавдар пайда болуп, чек аралары так эмес. Кеңейип, Папан тоо жакты көздөй жаңы өздөштүрүлүп жаткан жерлер кирип, жаңы үй куруучуларга инфраструктураны шаардын жана мамлекеттин эсебинен камсыз кылып, алар шаарга кошулуп, шаардын чеги аныкталат. Ош шаарында да Бишкектегидей эле өзүнүн административдик түзүмү болуп, оң жээк, сол жээк деп эки район түзүүгө мүмкүндүк берилет", - деди Текебаев.

Баш мыйзамда Ош республикалык маанидеги жана экинчи административдик-маданий экономикалык борбор деп жазылган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG