Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Текебаев: Бишкек жана Ош мэрлерин тандоого өкмөт катышуусу керек


Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо процессине өкмөт башчысы катыша ала турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Фракция башчысы Өмүрбек Текебаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, "бул шаарлардын мамлекеттик мааниси бар экендигин, бул катардагы өзүн өзү башкаруу субъект эмес экенин эске алып, мамлекет да алардын жетекчилигин калыптандырууга аралашыш керек деген принцип бар".

Текебаевдин айтымында, мэрликке үчтөн кем эмес талапкерди өкмөт башчы шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешкенден кийин сунуштайт деген норма бар.

Азыркы мыйзамдар боюнча, борбордук макамга ээ Бишкектин жана Оштун мэрлерин шаардык кеңеш депутаттары шайлашат.

"Ата Мекен" бүгүнкү жыйынында өзү сунуштап жаткан “Бишкек жана Ош шаарлары тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулайт. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG