Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Ирандын руханий лидери окумуштуунун өлтүрүлүшүн АКШ менен Израилден көрдү


Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи Тегеранда ушул жумада окумуштуу өлтүрүлгөнүнө АКШ менен Израилди айыптады. Жардырууда өлтүрүлгөн физик Мостафа Ахмади Рошан Иранда уран байыткан негизги ишкананын башчысынын орун басары болчу. Хаменеи көңүл айтуу катында бул чабуулды АКШ менен Израилдин чалгын кызматтары жасаган деп билээрин айтты. Расмий Вашингтон кечээ окумуштууга чабуулду айыптап, буга Кошмо Штаттардын эч катыштыгы жок деген. Израил эч кандай комментарий айткан жок.

XS
SM
MD
LG