Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Таласта былтыр миңдей жолбун ит жок кылынды


Талас облусунда былтыр 934 жолбун ит атып жок кылынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук бийликтин маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди. Ошондой эле 59 карышкыр, 265 чөө жок кылынган. Жырткычтар тоого жакын айылдардын малына кол сала башташкандыктан, облус боюнча 17 мергенчилик бригада түзүлгөн. Бир карышкырдын терисине 5 миң сом, бөлтүрүктүкүнө 3,5 миң жана чөөнүн терисине 3 миң сом берүү каралган. 150 миң сомун мергенчилер алышты, дагы 200 миң сомдой акча өкмөт мергенчилерге карыз экени айтылды. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG