Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Москвада мерт болгон Сатыбалдиеванын сөөгү Сузакка жеткирилди


Москвада өрттөн мерт болгон кыргызстандык жаран Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү Жалал-Абаддын Сузак районунун Жергетал айылына жеткирилди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, сөөк Москвадан бүгүн таңга жуук Ош аэропортуна алынып келинди. Сатыбалдиеванын күйөөсү, эжеси жана кайын сиңдиси да чогуу келишти. Маркум келиндин сөөгү эки сааттан кийн өзү туулуп өскөн айылында жерге берилет. Ата-энесинин айтымында, сегиз бир туугандын эң кенжеси Толгонай эки жыл мурда да Орусияга барып иштеп келген. Былтыр май айында турмушка чыгып, жолдошу менен Москвага кеткен.

Москвада 9-январда Il Pittore италиялык ресторанында өрт чыккан. Сатыбалдиева ошол жерде иштечү. Кечээ кечинде бул кырсыкта жабыркаган дагы бир кыргызстандык жаран Анваржон Сатволдиев мерт болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, Москванын №1, 7, жана 36 шаардык ооруканаларында реанимация бөлүмүндө дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы ошо бойдон. Сарбагышева Назира, Батырбекова Назгүл жана Алисултанова Азизанын абалы жакшыра элек болгондуктан азырынча туугандарына алар менен жолугушууга уруксат бериле элек.

Мындан тышкары, Склифосовский атындагы оорукананын күйүк бөлүмүндө Кушиева Бактыгүл жана Андабасов Марат дарыланып жатышат. Алардын абалы анча оор эмес. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG