Президент Алмазбек Атамбаев Анкарадагы Билкент университетинин ардактуу профессору болду. "Азаттыктын" кабарчысы Заирбек Бактыбаевдин Анкарадан кабарлашынча, кыргыз президенти ушу тапта Билкент университетинде сөз сүйлөп жатат. Ага аталган жогорку окуу жайдын ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Күбөлүктү тапшыруу салтанаты учурунда Атамбаевдин кыргыз ыңкылабдарына кошкон салымы белгиленип, саясый ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди. Президенттин Түркияга расмий сапары кечээ башталган, 14-январда жыйынтыкталат. Америкалык принципте иштеген Билкент университети Түркиядагы престиждүү жеке менчик жогорку окуу жайлардын бири болуп эсептет. (ZB/RK)