Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

14-январга карата аба ырайы


14-январда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар түшөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Калган облустардын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлерине туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4,
Талас облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -12...-17,
Тоолордо түнкүсүн -24...-29, ал эми күндүз -13...-18 болот.

Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Мезгил мезгили менен туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус суук, күндүз 1...3 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG