Бүгүн Бишкекте шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болду. Депутаттардын жалпы саны 44. Төрага болуш үчүн кеминде 22синин добушу керек. Жашыруун добуш берүүдө бүгүнкү талапкерлер Калыбек Чепеев 13 добуш, Жумабек Салымбеков 2 гана добуш алышты. Мурунку төрага Марат Аманкулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектөөчү болуп дайындалган. Жаңы төрага шайланганча анын милдетин орун басары аткарып турат. (RK)