Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Ооганстан: этностук азчылыктар сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет


Ооганстандагы этностук топтордун таасирдүү башчылары АКШнын колдоосу менен өлкөдө жаатташкан тараптардын мунасага келүүсүнө көмөктөшөт. Коалициялык азчылыктын өкүлдөрү Берлинде Ооганстан боюнча өткөн конференцияга катышып, америкалык конгрессмендер менен жолугушкан.

Ооган хазарларынын лидери Мохаммад Мухакик Кабулда туруп журналисттерге тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүгө улуттук азчылыктар дагы катышуусу зарылдыгын билдирди. Анкени этностук топтор дагы ооган коомунун басымдуу бөлүгүн түзөт.

Талиптер болсо Катарда атайын сүйлөшүүлөр үчүн өкүлчүлүк ачылаарын билдиргенде, АКШ сүйлөшүүгө кызыкдар экендигин билдирген. Сүйлөшүүлөргө Ооганстандагы кайсы топтор катыша тургандыгы азырынча так эмес.

XS
SM
MD
LG