Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Президент Зардари мекенине шашылыш кайтып келди


Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жуманын таңында Дубайда жеке иш-сапарда жүргөн жеринен "кызматтан кетет" деген каңшаар тараары менен Исламабадга чукул кайтууга мажбур болду.

Президент Зардари Бириккен Араб Эмираттарында болгону 1 күн гана турду. Бирок анын Дубайга сапары ушул ай ичинде экинчи ирет түрдүү ушак-айыңдын чыгышына түрткү болду.

Пакистанда жарандык бийлик менен армиянын жетекчилиги ортосунда тиреш жүрүүдө. Шаршембиде премьер-министр Юсуф Раза Гилани коргонуу катчысы Наим Халид Лодхини кызматтан алган. Армиялык жетекчилик болсо мындай чечим «өтө чоң кесепетин» тийгизүүсү мүмкүн деп эскерткен.

Пакистандагы саясий жаңжал Пакистандын АКШдагы мурдагы элчисинин чуулгандуу «эскерүү катынан» кийин күчөдү.

XS
SM
MD
LG