Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Москвада тажик оппозиционер Додожон Атовуллоев бычакталды


Москвада жашаган тажикстандык оппозиционер, журналист Додожон Атовуллоевге операция жасалып, өмүрү коркунучта эместигин Интерфакс агенттиги дарыгерлерге таянып кабарлады. Ал учурда Склифосовский атындагы ооруканада жатат. Бейшембинин кечинде Аттовуллоевди бейтааныш адамдар Москванын борборундагы «Виажио» деген ресторанда бычактап кеткен. Маалыматтарга караганда, журналист бул жерге жолугушууга келген.

Додожон Атовуллоев – тажиктердин «Ватандор» кыймылынын жетекчиси, президент Эмамоли Рахмондун дагерине айткан кескин сындары менен таанылган. Бир нече жыл мурун саясий себептерден улам Орусияга көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG