Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Өрттөн мерт болгон кыргызстандыктын сөөгү Москвага коюлат


Италиялык ресторанда чыккан өрт кырсыгында набыт болгон эки кыргызстандыктын бири Анваржон Сатволдиевдин сөөгү Москвадагы Домодедов көрүстөнүнө 16-январда коюлат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтин маалыматына ылайык, маркумдун туугандары ушундай чечимге келишкен.

Москвадагы ресторанда иштеген Анваржон Сатволдиевдин денеси 100 пайыз күйүп, оорукананын реанимация бөлүмүндө көз жумганын 13-январда кабарланган эле.

Буга чейин кыргызстандык дагы бир жаран Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү 13-январда Жалал-Абаддын Сузак районунун Жергетал айылында жерге берилген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, Москванын №1, 7 жана 36 шаардык ооруканаларында реанимация бөлүмүндө дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы эч өзгөрүүсүз.

Сарбагышева Назира, Батырбекова Назгүл жана Алисултанова Азизанын абалы оор болгондуктан азырынча туугандарына алар менен жолугушууга уруксат бериле элек.

Мындан тышкары Склифосовский атындагы оорукананын күйүк бөлүмүндө Кушиева Бактыгүл жана Андабасов Марат дарыланып жатышат. Алардын абалы анча оор эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG