Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Депутаттар заводдорду сатуудагы мыйзам бузууларды текшерет


Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети 13-январда "Кристалл" жана Бишкек арак заводдорун сатуудагы мыйзам бузууларды текшерүү үчүн жумушчу топ түздү. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган жумушчу топтун курамына кирген "Ата Мекен" фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

Депутаттын айтымында, бул топтун курамына "Ата Журт" фракциясынан Надира Нарматова, "Республикадан" Курманбек Дыйканбаев жана "Ата Мекен" фракциясынан Равшан Жээнбеков кирген.

Бюджет жана финансы комитетинин 13-январдагы жыйынында "Ата Журт" фракциясынын мүчөлөрү "Кристалл" жана Бишкек арак заводдору өтө арзан баага сатылганын айтып чыгышып, атайын жумушчу топ текшерүүгө алуусун талап кылышты.

"Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, "бул ишканалар коррупциянын айынан арзан сатылышы мүмкүн".

Жумушчу топ 16-январдан тарта өз ишин баштайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG