Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

"Менин Кыргызстаным" аттуу фестивал башталды


Бүгүн Бишкекте "Менин Кыргызстаным" аттуу жалпы улуттук фестивал башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" фестивалдын уюштуруучусу "Доор Медиа" коомдук фондунун директорунун орун басары Марс Тулегенов билдирди.

Тулегеновдун айтымында, фестивалга кыргызстандык режиссер жана фотосүрөтчүлөрдүн 30дан ашык даректүү, кыска метраждуу тасмалары жана сүрөттөрү катышууда. Бул эмгектер атайын калыстар тобунун кароосунан өтүп, мыктылары фестивалдын баалуу сыйлыктарына ээ болот.

"Фестивалдын башкы максаты Кыргызстанда болуп жаткан жагымдуу көрүнүштөр жөнүндө тасмаларды топтоп, аларды жараткан режиссерлор менен сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыган шык кошуу болуп саналат",-дейт Марс Тулегенов.

Фестивал 20-декабрда жыйынтыкталат. (BkA)

XS
SM
MD
LG