Жалал-Абаддын Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак жана Жаны-Орток айылдарында кутурма оорусу катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын 2 тургунун 9-январда жолбун ит тиштеп алган. Андан соң Ноокен райондук ветеринардык лабораториясынын мал доктурлары адамдарга кол салган ит да кутурма менен ооругандыгын аныкташкан.
Азыркы учурда 75 жаштагы М. Абдиева Жалал-Абад облустук ооруканасында, 25 жаштагы И. Курбанов Октябрь айылдык ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Ошондой ушул эле райондун Жаңы-Орток айылында жергиликтүү тургундун козусу кутурмадан өлгөн. (BkA)