Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Андарактагы жаңжалды баштагандар аныкталды


Андарактагы араздашуунун башында тургандар сыртка чыкпоо кепилдиги менен бошотулду. Бул тууралуу араздашууну иликтеген мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Алик Мамыркуловго шилтеме берип, өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Андарактагы абалды жөнгө салуу үчүн 3 оперативдик-тергөө тобу түзүлүп, алар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Комиссиянын төрагасы Алик Мамыркулов:

- Күч органдарынын биргелешкен ишинин жыйынтыгында чатакты баштагандар аныкталды жана азыр сыртка чыкпоо кепилдиги менен бошотулду. Азыр айылда абал тынч. Бирок окуянын кайталанбашы үчүн бир катар маселелерди чукул арада чечүү керек.

Баткендин Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылында 30-декабрда жаңжал чыккан. Кыргыз улутундагы 3 окуучу жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалып, бирөө ооруканага түшүп, милицияга кайрылган.

Күнөөлүүлөрдү издөө башталганда айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик тектүү, беш жүздөй кыргыз тектүү жаран чогулган. Алардын ортосундагы уруштан жабыркап, ооруканага түшкөндөр болгон эмес. Бирок 2 кичи дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 автоунаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG