Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Кипр Түрк жумуриятынын мурдагы лидери көз жумду


Кипр Түрк жумуриятынын мурдагы лидери Рауф Денкташ 87 жаш курагында көз жумду. Доктурлар ал жүрөк оорусунан жабыркап жүргөнүн маалымдашты.

Денкташ Кипр Түрк жумуриятынын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп, аралдын түрк тарабында каарман катары каралып келсе, грек бөлүгүндө көбү ага терс мамиле кылышчу. Маркум ондогон жылдардан бери уланып келаткан жаңжалда негизги оюнчулардын бири болуп келген.

Кипр аралы 1974-жылы экиге бөлүнүп калган. Гректер байырлаган түштүк тараптын өкмөтүн эл аралык коомчулук тааныган. Кипрлик түрктөр 1983-жылы Денкташ тарабынан негизделген Түндүк Кипр Түрк жумуриятында жашашат. Аны Түркия гана тааныган. Денкташ жумуриятты 1983-жылдан 2005-жылга чейин башкарып келген.

XS
SM
MD
LG