Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Шамалды-Сайда 6 адам тамакка ууланды


Жалал-Абаддын Шамалды-Сай шаарчасынын 6 тургуну тамакка ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жалал-Абад облустук жарандык коргоо бөлүмүнүн медициналык кызматынын маалыматы боюнча, аталган 6 адам палоо жана салат жегени аныкталды. Дарыгерлер уулануунун себебин жогорудагы тамактардан көрүшүүдө.

Ууланган 6 адамдын үчөө балдар. Алар азыр ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. (BkA)

XS
SM
MD
LG