Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:33

Италия: 70тей жүргүнчүнүн дайыны белгисиз


Италиянын жээгинде ири кеме кырсыкка учурап, бери дегенде 3 киши набыт болду, 70тей жүргүнчүнүн дайын жок.

“Коста Конкордия” деген круиздик ири лайнер жуманын кечинде Чивитавеккия портунан чыккандан көп узабай тайыз жерде суу түбүндөгү оркок таштарды сүзүп алган. Борттогу адамдарды жакын жердеги Жилио аралына эвакуациялай башташкан. "Бирок кеме бир капталына ооп кеткендиктен куткаруу иштерин жүргүзүү кыйын болуп жатат", - деп билдирди кемеге ээлик кылган компания.

Лайнерде 3 миң 200 саякатчы жана команданын миң мүчөсү бар болчу. Буга чейин 6 кишинин каза тапканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG