“Азаттыктын” казак кызматынын маалыматына ылайык түшкү саат 12:00гө карата шайлоочулардын 35,3 пайызы добуш берди.
Ат салышка президент Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы, демократиялык "Ак Жол" партиясы, Коммунисттер партиясы, "Патриоттор" партиясы жана Жалпы улуттук социал-демократтар партиясы катышууда.Парламент мандаттарына ээ болуш үчүн ар бир партия 7 пайыздык чектен өтүшү керек. Өнөктүктүн жүрүшүнө 800дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы байкоочулар Жаңы-Өзөн шаарына да койо берилгенин ырастады. Былтыр декабрда тополоңдордо 16 киши набыт кеткенден кийин шаарда чукул абал киргизилген. (JAk)