Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:20

Америкадагы кыргыздар Дубайда ооруканада жаткан Айсалкынга акча топтоду


Бул тууралуу “Кыргызклаб” уюмунун Дубайдагы өкүлү Марс Орозов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, уюмдун Америкадагы өкүлдөрү атайын кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, топтолгон каражатты Айсалкындын апасына жеткирип беришти.

Бир жылдан ашуун убакыттан бери Дубайдын (Бириккен Араб Эмираттары) ооруканаларынын биринде эки жолу операция болуп, дарыланып жаткан кыргызстандык Айсалкын Ажиеванын ооруканага карызы 50 миң доллардан ашканы кабарланган. Кыргызстандын Акыйкатчысынын расмий өкүлү жакында эле Дубайга барып, Ажиевага социалдык камсыздандыруу каражатын бөлүп берүү боюнча сот ишине катышып келген.

Ажиева Дубайда жол кырсыгына кабылып, али күнчө сакая албай келет. (JAk)

XS
SM
MD
LG