Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Италия: кыйраган кемеден дагы эки кишинин сөөгү табылды


Италиялык санжыргалуу саякат кемеден чөккөндөрдүн саны ошону менен бешке жетти. Эки өлүк көп кабаттуу зор кеменин куйрук жагынан табылгандан бир нече саат мурун үчүнчү киши куткарылган. Дагы 15 кишинин дайны табыла элек. Италиянын батыш жээгинде кыйраган кемедеги 4 миңден ашык киши куткаруучу кайыктар менен куткарылды, же өздөрү жээкке сүзүп чыгышты. Камакка алынган капитан кеме урунган суу астындагы аска-зоо картада көрсөтүлгөн эмес деп айтууда. Бирок кеменин ээси аны «жоопкерчиликсиз» аракеттенген деп айыптады.

XS
SM
MD
LG