Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Иранда президенттин өкүлү Аятоллага акаарат келтирди деп кесилди


Консерватордук Машревнюс сайтынын жазышынча, президент Махмуд Ахмединежаддын маалымат катчысы Аятолла Али Хаманеиге акаарат келтиргени үчүн бир жылга кесилди. Маалыматка ылайык, Али Акбар Жаванфекрдин саясий, коомдук, журналисттик ишмердүүлүгүнө да беш жылга тыюу салынды. Расмий ИРНА кабар агенттигин жетектеген Жаванфекр качан жана кандайча Хаменейинин кадырына шек келтиргени белгисиз. Ал 20 күндүн ичинде соттун чечимине каршы арыз бере алат. Жаванфекрдин соттолушу март айына белгиленген парламенттик шайлоонун алдында Ахмединежад менен анын оппоненттеринин ортосундагы саясий тирештин натыйжасы деп мүнөздөлүүдө.

XS
SM
MD
LG