Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Казакстан: Мажилиске дагы эки партия кириши мүмкүн


Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүдөн бир айдан кийин өткөн кечээки парламенттик шайлоо президент Нурсултан Назарбаевдин Нур-Отан партиясынын үстөмдүгүн бүтүрүү максатын көздөдү. Бул максатта экинчи болуп келген партия 7 пайыздык чекти ала албаса да, 107 орундуу парламентке кирет.

Нур-Отанга шайлоочулардын 80 пайызын алышы мүмкүн, бирок шайлоо мезгилиндеги сурамжылоо көрсөткөндөй, жаңы шайлоо мыйзамынын аркасы менен Мажилиске бизнестин кызыкчылыгын көздөгөн Ак-Жол жана Коммунисттик партия кириши мүмкүн.

Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 75 пайыздан ашыгы добуш бергендигин билдирген.

Добуш берүүнүн мезгилинде ар кандай мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу кабарланды. Азаттыктын казак кызматынын кабарчысы Алматынын жанындагы шайлоо бекетинде бир киши бюллетендерди тутамдап салып жатканына күбө болду.

Башка эреже бузуулардан добуштарды сатып алуу, байкоочуларды коркутуу, бюллетен салынган кутулардын бекем желимделбегени аталды.

XS
SM
MD
LG