Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Жалал-Абадда кутурмага каршы вакцина жок болууда


Жалал-Абад облусунда кутурмага каршы вакцина жок болууда. Бул тууралу облустук мамлекеттик ветеринария башкармасынынын башкы эпизоотологу Калмамат Эрмаматов билдирди. Анын айтымында, январ айында кутурма оорусу бир ит, бир мышык жана бир козудан табылды. Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айлында кутурган ит эки адамды каап алганына байланыштуу айылга эки айлык карантиндик чектөө жарыяланып, 64 ит аттырылды. Былтыр облуста 31 ит, кара мал, жылкы, эшек, карышкыр кутурганы аныкталган. Райондун “Көк-Арт” айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Давлат Кайназарова ит капкан эки адам ооруканага жаткырылганын, абалдары дурус жана алар менен байланыш болгон адамдар да текшерилгенин билдирди. Облустук оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Кулмамат Капаров былтыр облуста 433 адам ит тиштеп кайрылганын, бирок алар жана азыр ооруканада дарыланып жаткан адамдар арасында кутурма аныкталбагандыгын кошумчалады (YA/RK)

XS
SM
MD
LG