Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ош – Папан – Кожо-Келен жолунун 57-чакырымындагы автокырсыкта бир бүлөнүн 5 адамы каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Баатыр Нышанов билдирди. Анын айтымында, 15-январда түнкү саат бирде айдоочу Суран Бообеков "Ауди" маркасындагы унаасын башкара албай калып, Ак-Буура дарыясына кулап кеткен. Натыйжада, 31 жаштагы Суран Бообеков, 33 жаштагы Сүйүн Бообеков, 25 жаштагы Азиз Бообеков, жана айдоочунун 6 жана 5 жаштагы эки уулу каза болушту.
Кырсыктан мерт кеткендердин баардыгы Кара-Суу районунун Кара-Гур айылынын тургундары. (SE/RK)
Кырсыктан мерт кеткендердин баардыгы Кара-Суу районунун Кара-Гур айылынын тургундары. (SE/RK)