Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Кызыл-Сууда айыл башчысына каршы митинг өтүүдө


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылынын башчысы Кубан Мукамбетовго каршы митинг өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, айыл өкмөт башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылгандардын саны жүздөй адам. Ошол эле жерде Мукамбетовдун да жүздөн ашык тарапкери чогулуп турат. Алар Дархан айылынан келгени айтылууда. Райондун башка айылдарынан да адамдар келип митингге катышууда. Бир аз мурдараак нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге Талап айылынан 10 чакты мас абалындагы атчан келип, ат менен омуроологону айтылды. Учурда алар менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп, элди тынчтандырып жатышат. Митингчилер менен облус губернатору Мирбек Асанакунов жана Жогорку Кеңеш депутаты Эркингүл Иманкожоева жолугушту. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG