Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Орусияга маңзат ташыган топ башчысы кармалды


Бишкекте Орусияга маңзат ташыган дагы бир кылмыштуу топтун башчысы кармалды. Бул тууралуу Маңзат көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты. 45 жаштагы Кыргызстан жаранын тинтүүдө 1 килограмм 356 грамм героин табылган. Кылмышка шектүү делген бул жаран Ооганстандан келген маңзатты майда капсулаларга бөлүштүрүп, жутуп, ашказанына салып Орусияга ташыганы айтылууда. Учурда ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында көрсөтмө берип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG