Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Шамалдуу-Сайда уулангандардын экөөнүн абалы оор


Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаары менен Шамалдуу-Сай шаарчасында 12-январда палоо менен салатка ууланган 6 адам ошондон бери Шамалдуу-Сай шаарчасынын ооруканасында дарыланууда. Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдон 16-январда алынган маалымат боюнча, ууланган жетинчи адам болуп Муканбет Исманалиев аттуу 2005-жылы төрөлгөн бала да жаткырылган. Алардын ичинен экөөнүн, 2001-жылы төрөлгөн Садырбек кызы Луиза менен 1996-жылы туулган Каныкей Урматаеванын абалы оор болууда. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG