Бүгүн Ош шаарында маршруттук таксилердин адаттагыдан аз болгонуна байланыштуу көптөгөн адамдар жумушуна, окуусуна кечигип барышты. Шаардык транспорт агенттигинин башчысы Искендер Жороевдин "Азаттыкка" билдиришинче, күнүгө Ош жүргүнчүлөрүн тейлөөгө 600дөй маршруттук такси жолго чыкчу. Бүгүн 417си гана чыкты. Себеп - жолдун тайгактыгы. Бирок автобус жана троллейбустар күндөлүк тартипте эле иштеп жатышат. Кечке чейин шаар бийлиги проблеманы чечүүгө аракеттенет. (SE/RK)