Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Бишкектеги тергөө абагында өрт чыгып, кан төгүлгөнү айтылууда


Бишкектеги №1 Тергөө абагынын алдында ушу тапта өрт өчүргүч техника, медициналык тез жардам унаалары турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кабарлады. Акыйкатчынын жана тергөө абагында жаткандардын туугандарынын сөзүнө таянып ал бүгүн эртең менен аталган абакка маска кийген куралчан аскерлер кирип келип, уруп-сабоо башташканын, абактагылар жардам сурап укук коргоочуларга, туугандарына чалышканын айтты.

"Өрттөнгөнү билинип турат. Милиция коопсуздукту карап турат. Абактагылардын көптөгөн туугандары чогулуп калышты. Белгисиз, бирок кан тамырларын кескендер бар деп айтышууда", - деди Абдирасулова. (RK)

XS
SM
MD
LG