Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

17-январга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
16-19-январда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда , тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болушу күтүлөт, муз тоңот. Кар көчкү болушу ыктымал аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аб ырайы
17-январда айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...-9,
Талас облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -4...-9,
Баткенде түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12 градус, күндүз -1...-6,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15,
Тоолордо түнкүсүн -26...-31, ал эми күндүз -16...-21 болот.

Бишкекте бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10 градус, күндүз 5...7 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG