Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Акыйкатчы: №1 абакта абал тынчыды, бирок дагы эле кооптуу


Бишкектин №1 тергөө абагында абал тынчыды, бирок дагы эле коркунуч сакталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлады. Анын айтымында, өлгөндөр жок, бирок мурду сынып, бөйрөгүнөн таяк жегендер, кан тамырын кескендер бар.

Бүгүн эртең менен №1 тергөө абагында ызы-чуу башталып, атайын аскерлерден ур-токмок жедик дегендердин мурду сынып, бөйрөктөрү талкаланганын, кан төгүлгөнүн акыйкатчы Турсунбек Акун айтууда:

"Менин көзүмчө да күч колдонушту. Мен эптеп токтотуп жатсам, кайрадан кайра сабап жатышты", - деди Акун.

Окуянын чоо-жайы боюнча расмий маалымат азырынча жок. Абактын ичинде өлгөндөр бар деген маалымат да тактала элек. Себептеринин бири катары ошол абакта жаткан эки кишини башка жерге которуу чечимине каршы нааразылык акциясын басуу аракети болгону айтылууда. (MiT/BkA/RK)

XS
SM
MD
LG