21-29-январ күндөрү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Торугарт жана Эркеч-Там өткөрүү пункттары убактылуу жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты. Чек ара кытай тараптын демилгеси боюнча Кытайдагы Жаз майрамын белгилөө иш-чараларына байланыштуу жабылат. Бул кытай тараптан жыл сайын көрүлүүчү чара. (RK)