Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Эсенгулов: Ош аэропортунун башчысына кол салуу болгон жок


Ош аэропортунун директору же анын айдоочусуна карата ок атылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Айтымында, 18-20 жаштагы эки жигит аэропорттун имаратына кире бериш жерде уруша кетишип, бирөө экинчисин коркутуп травматикалык тапанчасынан жерге аткан. Учурда экөө тең кармалып, милицияда көрсөтмө берип жатышат.

Аэропорттун директору Орозбек Калдаровдун "Азаттыкка" билдиришинче, учурда ал иш сапар менен Жалал-Абадда жүрөт.

Бир катар маалымат агенттиктери бүгүн Калдаровго кол салуу болду деп жазып чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG