Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Аялдар абагында коопсуздук чарасы убактылуу күчөтүлдү


Бүгүн Бишкектин четиндеги Степное айылында жайгашкан аялдар абагындагы коопсуздук 5 саат бою күчөтүлгөн тартипте камсыздалып жатты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган колониянын башчысы Владислав Юн билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясы 4-5 саат бою жок болуп, бир саат мурда эле келди. Электр алуу үчүн башка шарт, генератор жок болгондуктан абактын кызматкерлери ички аскерлердин жардамы менен күчөтүлгөн тартипте иштеп, коопсуздукту камсыз кылып турушту. Кандайдыр бир кооптуу окуялар катталган жок.

Бүгүн Бишкектин четинде BMW унаасы электр зымын кармаган устунду сүзүп кетип, Аламүдүн районуна караштуу Степное айылы жана ошол айылдагы аялдар абагы электр кубатысыз калган. Айыл тургундарына жарык бир сааттан кийин берилээрин "Азаттыкка" "Түндүкэлектрден" айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG