Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуулукту азайтуу максатында шаардын 6 жерине “ишеним кутуларын” орнотот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, буга чейин кылмыштар боюнча ыкчам маалымат алуу жаатында электрондук почта жана телефондор иштеп келген. Кутулардын ачкычы башкармалыктын башчысында гана болот, келген каттар менен жетекчи күн сайын өзү таанышып турмай болууда. (SE/RK)